Бүгүн, 5-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Орусияга расмий сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, өзбек лидери Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барган.
Сапардын алкагында ал Москвада Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, премьер-министр Михаил Мишустин менен жолугушат. Мындан тышкары, Татарстанга да сапары пландалып, анда республиканын башчысы Рустам Минниханов менен сүйлөшүүлөр болот.
Москвада боло турган жолугушуулардын күн тартибинде эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин тереңдетүү маселелери бар. Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык, инвестициялык, миграциялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө практикалык кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Кошумчалангандай, сапардын алкагында Казань жана Москва шаарларында болуп, тар чөйрөдө, кеңейтилген курамда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.