НАСА 2040-жылга чейин Айга үй курууну пландоодо

НАСА 2040-жылга чейин Айга үй куруу планын жарыялады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, долбоорду ишке ашырууга 60 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн, аны иштеп чыгууга ICON жооптуу болду.

Үйдү түзүү үчүн Ай бетинин компоненттеринен жасалган бетонду колдонуу пландаштырылууда. Курулуш иштери 3D басып чыгаруунун жардамы менен жүргүзүлөт. Дубал жана чатыр сыяктуу үйдүн бардык компоненттери жердин спутнигинин бетине өз-өзүнчө түздөн-түз басылат, андан соң бири-бирине туташтырылат. Курулуш 48 сааттан ашпайт.

НАСА учурда келечектеги үйлөр үчүн эшиктерди, эмеректерди жана жабууну иштеп чыга турган жеке компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Басылманын маалыматына караганда, мындай имаратта кесипкөй космонавттар гана эмес, жергиликтүү калк дагы жашай алат деп болжолдонууда. Ал эми Айда жашоонун баасы канча болору азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан