Бүгүн, 5-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Ата шаарында жерге берилди. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.
Белгилүү болгондой, Көлбаев менен коштошуу зыйнатына 5 миңден ашуун адам келген.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-октябрда Бишкекте "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев УКМК тарабынан өлтүрүлгөн.
Ага чейин кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргүзүлүп жатканын кабарлаган болчу
Анын өлүмүнөн кийин Чүйдөгү абактардын биринде абал чыңалганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы ал маалыматты төгүндөгөн.