Өлкөдө нандын баасын убактылуу жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда нан баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 3-октябрда Кыргызстандын аймагында биринчи сорттогу ундан жасалган (бөлкө жана тандыр нан) нан азыктарынан бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү тууралуу буйрук чыккан.

Ошондой эле мекеме мындай буйрук нанга жана нан азыктарына баалардын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында чыкканын кошумчалаган.

Эске салсак, сентябрь айынын акыркы жумаларында өлкөдө нандын баасы кымбаттаганы байкалган. Буга Казакстандан келчү ундун баасы кымбаттаганы себеп болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан