Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окууда каралды.
Бир катар депутаттар документ чийки экенин, тең укуктуулукту жетиштүү деңгээлде коргоп, камсыз кыла албасын айтышты.
Депутат Гуля Кожокулова долбоор аялдардын укугун бузат деп сындады. Эл өкүлү мыйзам долбоору баяндамачы маалымдагандай редакциялык мүнөзгө ээ болбогонун, анда эркектердин бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө жобону алып салуу сунушталып жатканын айтты.
Бул пикирди депутаттар Медербек Алиев жана Эмил Жамгырчиев да колдошуп, өкмөттүн бул багытта жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин сындашты.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан гендердик саясат жаатында тиешелүү иштер жүргүзүлбөй жатканын сындады.
Депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору чийки экенин белгилеп, аялдарды жана балдарды зордук-зомбулуктан коргоо жаатында жаңы документ иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады. Эл өкүлү Балбак Түлөбаев бул мыйзам долбоорун четке кагуу керектигин белгиледи.
Жыйынтыгында аталган маселе депутаттардын каршы пикиринен улам четке кагылды. Эми документтин авторлору айтылган сын-сунуштардын негизинде кайра жазып, алты айдан кийин гана Жогорку Кеңешке алып келиши керек.
Бул долбоор өткөн аптада дагы талкууланган жана нааразычылыктардан улам күн тартибинен алынган.