Нурланбек Шакиев Александр Лукашенко менен жолугушту

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарында Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач төрага Шакиев президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип, быйыл эгемен эки мамлекеттин дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгондугун эске салды. Ошондой эле байланыштардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз кылды.

"Эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүүбүз зарыл. Себеби, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө арбын. Айрыкча Кыргызстан таза экологиялык айыл чарба продуктуларын Беларусь Республикасына экспорттоо менен катар инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар", - деди Шакиев.

Өз кезегинде Александр Лукашенко мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин белгилеп, бул жаатта жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан