Адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы норвегиялык драматургга ыйгарылды

Бүгүн, 5-октябрда 2023-жылдагы адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы норвегиялык драматург Жун Фоссеге ыйгарылды. Бул тууралуу Швеция академиясынын Нобель комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Фоссеге бул сыйлык "анын новатордук пьесалары жана прозалары айтууга мүмкүн болбогон нерселерди билдирүүгө мүмкүнчүлүк бергени үчүн" ыйгарылды. Былтыр адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы француз жазуучусу Ани Эрного берилген.

Фоссе учурдун эң белгилүү европалык драматургдарынын бири, анын пьесалары Европанын бир нече театрларында сахналаштырылган.

Буга чейин аталган сыйлык химия, физика жана медицина тармактары боюнча өз ээлерине тапшырылган. Алсак, кечээ 2023-жылдагы химия боюнча "Нобель" сыйлыгы "кванттык чекиттерди ачкандыгы жана синтез үчүн" америкалык окумуштуулар Мунги Бавенди менен Луи Брюске жана орусиялык Алексей Екимовго ыйгарылды.

3-октябрда болсо физика тармагы боюнча АКШ, Германия жана Швециядагы окумуштуулар, тагыраагы Огайо университетинен Пьер Агостини, Макс Планк институтунан жана Мюнхендеги Людвиг Максимилиан университетинен Ференц Краус жана Лунд университетинен Энн Л-Хуиллиер ээ болушту.

Ал эми 2-октябрда медицина жана физиология боюнча аталган сыйлык Каталин Карико менен Дрю Вайссманга "COVID-19га каршы эффективдүү mRNA вакциналарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген нуклеозиддик базанын модификацияларына байланыштуу ачылыштары үчүн" берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан