Бүгүн, 5-октябрда кыргызстандык Назим Нурланов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында каратэ-до боюнча коло медаль утту.
Белгилүү болгондой, спортчу 75 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Ал камбоджалык, непалдык атаандаштарын жеңди.
3-орун үчүн беттеште каратист Малайзиянын спортчусу Рагхонатан Шармендранды 8:0 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.
Бул Кыргызстандын куржунуна ушул күнү салынган бул экинчи коло медаль. Буга чейин жөө күлүк Сардана Трофимова коло байге уткан.