Азия оюндары: Жөө күлүк Сардана Трофимова коло медаль жеңди

Бүгүн, 5-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.

Белгилүү болгондой, спортчу 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Учурда Кыргызстандын капчыгында 7 медаль бар. Анын үчөөсү алтын болсо, төртөөсү коло медаль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан