Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева алгачкы беттеште Казакстандын спортчусу Елена Шалыгина менен килем үстүнө чыкты.
Беттешин 1/4 финалдан баштаган кыргызстандык балбан атаандашын 8:7 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Нуртаева мелдешке 68 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Буга чейин бул салмакта Мээрим Жуманазарова катышчу, бирок Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда жаракат алып, алмаштырылган.
21 жаштагы Нуртаева жеңген Елена Шалыгина буга чейин 2023-жылы өткөн Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн болгон күрөштө Мээрим Жуманазарованын мурдун сындырып алган.
Ал эми Айпери Медет кызы менен Бекзат Алмаз уулу да учурда жарым финалга чыгышты. Айсулуу Тыныбекова болсо чейрек финалда Нонока Озакиге утулуп калды.