Ысык-Көлдө скутер менен сүйрөп баратып эки адамдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочунун иши кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон эки баланын ата-энеси шектүү адамга карата тосмо арыз жазып беришкен. Мындан улам иш сотко жетпей кыскартылды.
Эске салсак, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган.
Кырсыктан 3 адам оор жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Натыйжада 19 жаштагы кыз, 23 жаштагы жигит 24-июлда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Үчүнчү адам хирургия бөлүмүндө дарыланган
Ысык-Көл ОИИБи 26-июлда скутердин 16 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Ага "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Маркумдардын жакындары тосмо арыз боюнча комментарий бере элек.