Азия оюндары: Адилет Шадыканов алтын медаль үчүн беттешет

Кыргызстандык спортчу Адилет Шадыканов Азия оюндарында каратэ-до боюнча алтын медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу маалымат мелдештин расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, ал 84 килограмм салмак категориясында финалга жолдомо алды. Анда 1-орун үчүн боло турган беттеште ирандык Саджад Ганджзаде менен кез келет.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда кыргызстандык Назим Нурланов спорттун аталган түрү боюнча коло медаль тагынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан