Азия оюндары: Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия оюндарында финалга чыкты.

Белгилүү болгондой, 76 килограмм салмак категориясында күч сынашып жаткан спортчу 8:0 эсебинде тайпэйлик Чан Хуэй-Цзыны жеңип, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн боло турган беттеште Медет кызы казакстандык Жамиля Бакбергенова менен беттешет.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча кыргызстандык дагы бир спортчу Нурзат Нуртаева да финалга чыкты. Ал эми Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан кыз Нонока Озакиге утулуп калды. Бирок Осаки финалга чыккандыктан, Тыныбекова коло үчүн килемге чыгат.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Учурда Кыргызстандын капчыгында 7 медаль бар. Анын үчөөсү алтын болсо, төртөөсү коло медаль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zaman2
2023-10-06 11:34:00
финалдар качан болот экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан