Кенияда табышмактуу оорудан улам 100дөн ашык окуучу кыз ооруканага жаткырылды (видео)

Кенияда табышмактуу оорудан улам 100дөн ашык окуучу кыз ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Star басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, ооруга чалдыккандардын баары Ыйык Тереза ​​Эреги кыздар орто мектебинин окуучулары болушкан. Алардын айрымдары журналисттерге ооруну сезбей турганын, бирок муундары алсырап тура албай калганын, бул шал оорусуна окшош экенин айтышкан. Ал эми миңден ашык окуучу үйлөрүнө жөнөтүлүп, 4-класстын окуучулары гана алдыдагы сынактарга байланыштуу мектепте окуп жатышканы айтылууда.

Ошондой эле окуянын себебин аныктоо үчүн аймакта медициналык текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Анда кыздардын канындагы электролиттердин деңгээли жогорулап, суюктуктун жоголгондугу аныкталган. Учурда алардын кан үлгүлөрү андан ары анализдөө үчүн илимий-изилдөө институтуна жөнөтүлгөн.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан