Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун 72 мүчөсүн кармады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, кечээ, 5-октябрда аталган өлкөнүн УКМК кызматы Жетисуу, Жамбыл жана Түркстан облустарында атайын операцияларды жүргүзгөн. Анын натыйжасында, ири уюшкан кылмыштуу топтун 72 мүчөсүн кармаган.
"Алар мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизаттарды сактоо, опузалап акча талап кылуу, мыйзамсыз миграциялык каналдарды уюштуруу жана башка оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аталган топтор Кыргызстан менен чектеш жайгашкан "Кордай Авто" өткөрүү пунктунда, Кытайга жакын чек арадагы "Хоргос" чек ара кызматташтыгы эл аралык борборунда жана Өзбекстан менен чектешкен "Жибек Жолы" өткөрүү пунктунда иш алып барышкан. Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дарылар, акча жана баңгизаттар табылган.
Эске салсак, кечээ Казакстанда уюшкан кылмыштуу топторду кармоо иштери башталганы айтылган.