Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында чемпион болду.
Финалда кыргызстандык балбан кыз Казакстандын спортчусу Жамиля Бакбергенованы утуп алды.
Медет кызы 76 килограмм салмак даражасында беттешти. Ал 1/8 финалда спортчу кытайлык балбанды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда тайбейлик атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.
Буга чейин 68 килограмм салмак ченинде катышкан Нурзат Нуртаева күмүш медаль тагынды.
Айпери Медет кызынын байгеси Кыргызстандын 13-медалы болуп саналат. Учурда өлкөнүн капчыгында 4 алтын, 2 күмүш жана 7 коло бар.