Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева күмүш байгеге ээ болду. Финалда ал кытайлык Фень Жоуго утулуп калды.
Мелдешке 68 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан Нуртаева беттешин 1/4 финалдан баштаган. Анда кыргыз балбан кызы казакстандык атаандашын 8:7 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда монголиялык Делгермаа Энхсайханды 10:8 эсебинде утуп алды.
Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду. Кыргыз балбаны коло үчүн болгон беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы жеңип алды.