"Бала бакчалардын саны көбөйөт". “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы каралды

Бүгүн, 6-октябрда “Альянс” фракциясы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын карады.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, фракция депутаттарынын демилгеси эксперттер менен биргеликте иштелип чыгып, президент тарабынан кол коюлган мыйзамда билим берүү системасын жакшыртууга багытталган бир катар жаңылыктар бар.

Жаңы мыйзамга ылайык:

-Бала бакчалардын саны көбөйөт. Эми бала бакча ачуу үчүн лицензия алуунун зарылчылыгы жок, турак-жайларды дагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери катары колдонууга уруксат берилди.

-Мектептерде аккредитация эми милдеттүү болбойт.

-Ваучер системасын киргизүү да каралган. Анда акча каражаты окуучуга бөлүнөт. Окуучу каалаган мектепти тандап, натыйжада атаандаштык жаралып, билим берүүнүн сапаты жакшырат.

-Кесиптик лицейлерге, колледждерге жана университеттерге административдик, финансылык жана академиялык эркиндик берилет.

-Билим берүү гранттары менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарына берилет.

Мындан тышкары, Жанар Акаев фракциянын демилгеси менен кабыл алынган билим берүү боюнча мыйзамдардын, тагыраагы, бала бакча ачууда лицензиянын жокко чыгарылышы, ваучердик системаны киргизүүнүн артыкчылыктары тууралуу кеп кылды.

Эксперт Эльдар Абакиров ваучердик система өзгөчө демографиялык өсүш орун алган өлкөлөр үчүн ылайыктуу деген пикирин билдирди.

Агартуу тармагын өнүктүрүү боюнча Казакстандан келген адистер кошуна өлкөнүн билим берүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Депутат Эмилбек Жамгырчиев окуу куралдарына бюджеттен 120 миллион сом бөлүнөт, бирок ал көзөмөлдөнбөйт деди. Ошондой эле ЖРТнын суроолорун кайра карап чыгуу сунушун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан