"Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досонов дагы "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартып жатканын жарыялады. Анын видео кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.
Ал белгилегендей, учурда анын эч кандай статусу жок.
"Мен Досонов Кадырбек 53 жаштамын. Кыргызстанда жашайм жана мыйзамдарга баш ийем. Мыйзамга каршы аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп бердим. Азыр менин эч кандай кылмыш статусум жок. Кыргызстанда тынчтык, бейпилдик болсун”,-деди Кадырбек Досонов.
Белгилей кетсек, "Женго" акыркы жолу ушул жылдын 25-сентябрында Кызыл-Кыяда кармалган. Андан соң анын унаасынан курал-жарак жана баңгизат табышкан. Ал Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кадырбек Досонов буга чейин да Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүргөн деп шектелген. Бирок ал күнөөсүн толук мойнуна алган эмес.
Эске салсак, кечээ, 5-октябрда Сакал каймана аты бар Улан Токтосуновдун дагы "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тарткан видеосу социалдык тармактарда тараган.