"Сакал" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Улан Токтосуновдун “ууру” статусунан баш тарткан видеосу интернет айдыңында тарады.
Ал официалдуу түрдө "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартам деген.
"Мен Токтосунов Улан Акмолдоевич Аллах үчүн "мыйзамдагы ууру" статусунан расмий түрдө баш тартам", - деди ал.
Эске салсак, Улан Токтосунов 2015-жылдын май айында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмү боюнча мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Токтосунов камакка алынганга чейин Түркияда жүргөн. 2016-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту аны бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, 17 жылга эркинен ажыраткан.