Газа тилкесиндеги куралдуу палестиндер Израилдин аймагына кирип, чек арага жакын жердеги бир нече конуштарга кирди. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.
Би-Би-Синин маалыматына караганда, курман болгондордун саны 22ге жетти.
Палестиналыктардын Газа тилкесинен Израилдин аймагына миңдеген ракеталар атылган, алардын айрымдары Тель-Авивге жеткен. Турак жайларда кыйроолор байкалган.
"Израилдин аймагында Израилдин аскерлери менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуулар болуп жатат. Еврейлердин Суккот майрамынын акыркы күнүндө Израилдин түштүгүнө келген көптөгөн жергиликтүү тургундар жана туристтер коркунуч алдында болушкан. Палестиналыктар израилдик тургундардын үйлөрүнө кирип кетишкен, ал эми израилдер баш калкалоочу жайларда же батирлердин ичиндеги брондолгон бөлмөлөрдө жашынып жатышы мүмкүн деген маалыматтар бар", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда Израиль Газа тилкесинен ири ракеталык чабуулга кабылганы тууралуу кабарланган.