Газа тилкесинен Израилге жаңы ракеталык сокку урулду. Тель-Авивде жана башка шаарларда сиреналар угулууда. Тель-Авивге жана анын айланасындагы кээ бир райондорго ракеталар түшкөнү да кабарланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Израилде каза болгондордун саны 150гө жетип, 1104 адам жаракат алганын Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Ал эми Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде 200 киши каза болуп, 1600дөн ашуун жарандар жарадар болгон.
Эске салсак, Эске салсак, кечээ, 7-октябрда Газа тилкесинен Израилди көздөй ммиңдеген ракеталар атылган. Тель-Авив баш болгон өлкөнүн түштүгүнө жана борборуна сокку урулган. Каза болгондор жана жарадар болгондор бар экендиги кабарланган.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Израилдеги элчилиги жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.