Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, делегациялардын жолугушуусу 3-8-октябрда Баткенде өттү. Тараптар Тажикстандагы кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоону улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.