Ооганстандагы катуу жер титирөөдөн 120 адам каза болуп, миңге жакыны жаракат алды (видео)

Ооганстандын батышында, Иран менен чек арага жакын жерде күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болду. Кеминде 120 адам набыт болду, бирок курмандыктардын саны кыйла көбөйүшү мүмкүн. Миңге жакыны жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу батыштагы Герат шаарынан 40 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 чамасында башталган.

Анын кесепетинен көптөгөн имараттар жабыркап, адамдар урандылардын астында калды.

Аман калгандардын айтымында, кеңсе имараттары алгач титиреп, андан соң урап түшкөн.

"Биз кеңседе болчубуз, күтүлбөгөн жерден имарат титиреп баштады. Дубалдардагы шыбактар ​​түшө баштап, жаракалар пайда болду, кээ бир дубалдар жана имараттын бөлүктөрү кулады. Учурда үй-бүлөм менен байланыша албай жатам", - деген Гераттын Башир Ахмад аттуу тургуну.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү Моса Ашари журналисттерге: "Биздин маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө миңден ашуун аялдар, балдар жана улгайган жарандар жабыркап, 120га жакын адам каза болду", - деди.

Ооганстандагы катуу жер титирөөдөн 120 адам каза болуп, миңге жакыны жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан