Орусиянын газы эми Казакстан аркылуу Өзбекстанга жеткирилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Үч мамлекеттин президенттери бул процесстин башталышын расмий ачып беришти. Владимир Путин Өзбекстан энергетика менен жабдуунун жаңы булагын аларын, Казакстан түндүктү газдаштыруу маселесин чечерин айтты. Ал эми Орусиянын газ берген ишенимдүү тарап деген макамын бекемдерин белгиледи. Жакынкы эки жыл аралыгында Орусия Казакстан аркылуу Өзбекстанга 2,8 миллиард кубметр көгүлтүр от бермекчи" деп айтылат андагы маалыматта.
Белгилей кетсек, Путин менен Токаев былтыр ноябрда “үчтүк газ альянсын” түзүү маселесин талкуулашкан. Өзбекстандын катышуусу орусиялык газды республикалардын аймактары аркылуу ташуу учурундагы аракеттерди координациялоосу күтүлүүдө. Газпром 2023-жылдын төртүнчү чейрегинде орус газын Казакстан аркылуу Өзбекстанга экспорттоону пландап жатканын билдирди.
Тиешелүү келишимге июнь айында Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер кол коюшкан.