Ооганстандагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны эки миңден ашты, тогуз миңге жакын адам жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 8-октябрда эртең менен миңге чукул жашоочулар каза болгону белгилүү болду.
"Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2053кө, жарадар болгондор 9240ка жетти. 1329 үй кыйраган", - деп билдирет Reuters Табигый кырсыктар министрлигине шилтеме берүү менен.
Эске салсак, кечээ, 7-октябрда Ооганстандын батышында, Иран менен чек арага жакын жерде күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.