Израиль расмий түрдө согуш абалын жарыялады

Израиль бийлиги өлкө расмий түрдө согуш абалына өткөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкөнүн премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун кеңсесинин маалыматына караганда, аскердик-саясий кабинет өкмөттүн негизги мыйзамынын “40-пунктун” кабыл алды, бул согуш абалына өтүү дегенди билдирет.

"Аскердик-саясий кабинет кечээ кечинде согуш абалын жана ага жараша ири аскердик операцияларды баштоону бекитти. Бул өкмөттүн негизги мыйзамынын 40-беренесине ылайык. Газа тилкесиндеги кандуу террордук чабуул 2023-жылдын 7-октябрында таңкы саат 6:00дө башталган", - деп айтылат андагы маалыматта.

Акыркы маалыматтарга караганда, Израилде 600дөн ашуун киши каза болуп, дагы 2048 киши жарадар болгон. Ал эми Газа тилкеси алардын аймагында 313 киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан