Палестина-Израиль жаңжалы: Эрдоган билдирүү жасады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израиль менен Палестинанын айланасындагы окуяларга токтолуп, согушуп жаткан тараптарды сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу Anadolu басылмасы жазды.

"Түркия Израилде болуп жаткан окуяларга байланыштуу тараптарды сабырдуулукка жана чыңалуунун курчушуна алып келе турган импульсивдүү кадамдардан алыс болууга чакырат", - деген түрк лидери.

Эрдоган ошондой эле Анкара Аль-Акса мечитине кол салуу аракеттерине кандай болгон күндө дагы каршы тураарын баса белгиледи.

Акыркы маалыматтарга караганда, Израилдеги кол салуулардан кеминде 600 адам каза болуп, 2000ден ашууну жарадар болгон. Газа тилкесинде 300дөн ашык палестиналык өлүп, дагы 2000ден ашууну жарадар болгону кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан