Ооганстанды көзөмөлдөгөн "Талибан" кыймылы Израилге өтүүнү уюштуруу үчүн Иран, Ирак жана Иорданияга кайрылды. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазды.
Бир катар маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, талибдер палестиналык Хамас кыймылына жардам берүүнү жана Иерусалимди басып алууну каалашууда. Ошондуктан алар Израилге өтүү үчүн бул үч өлкөдөн аларды колдоону суранышууда.
Акыркы маалыматтарга караганда, Израилдеги кол салуулардан кеминде 600 адам каза болуп, 2000ден ашууну жарадар болгон. Газа тилкесинде 300дөн ашык палестиналык өлүп, дагы 2000ден ашууну жарадар болгону кабарланды.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.