Ирандын президенти Ибрахим Раиси акыркы окуяларга байланыштуу Палестинаны колдоого алып, Газа тилкесиндеги окуяларды коргонуу деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ибрахим Раиси палестиналыктарга карата зулум жана адилетсиздик болуп жатканын айтып, дүйнөнү буга көңүл бурууга чакырганын айтты.
"Иран Палестина улутунун мыйзамдуу коргонуусун колдойт. Сионисттик режим жана анын колдоочулары аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтиргени үчүн жооптуу жана алар бул үчүн жооп бериши керек", - деген Раиси.
Ал ошондой эле палестиналык кыймылдардын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Акыркы маалыматтарга караганда, Израилдеги кол салуулардан кеминде 600 адам каза болуп, 2000ден ашууну жарадар болгон. Газа тилкесинде 300дөн ашык палестиналык өлүп, дагы 2000ден ашууну жарадар болгону кабарланды.