Камчы Көлбаевдин кудасы делген Рустам Турдиев камалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өтүнүчү менен Рустам Турдиев 4-декабрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалым болгондой, Турдиев атайын кызматтын тергөө абагында кармалат. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренесинин "Уюшкан топко катышуу" бөлүгүнүн негизинде шек саналып жатат.

Айрым жергиликтүү басылмалар Рустам Турдиев Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кудасы экенин жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга караганда, Турдиевдин уулу эки жыл мурда Көлбаевдин кызына үйлөнгөн.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Бишкекте "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев УКМК тарабынан өлтүрүлгөн.

Анын сөөгү 5-октябрь күнү Чолпон-Ата шаарында жерге берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alina_19
2023-10-09 19:52:00
Бандиттерден куда кутпогуло
0
olegdenns
2023-10-10 22:28:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан