Рамзан Кадыров Палестина менен Израилге чеченстандык аскерлерди жөнөтүүгө даяр экенин айтты

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында чечен аскер бөлүктөрү Палестина-Израиль жаңжалында тынчтык орнотуучу күч болууга даяр экенин билдирди.

"Мен эл аралык коомчулукка жок дегенде бир жолу Палестинадагы кырдаал боюнча адилеттүү чечим кабыл алуусу үчүн кайрылам. Мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылам: коалиция түзүп, дос деген өлкөлөрүңөрдү, Европаны жана бүт Батышты чакыргыла. Алар террорчуларды жок кылуу шылтоосу менен карапайым калкты бомбалап жатат", - деп жазды Кадыров.

"Мен согушту да, кырдаалды курчутуунун ар кандай түрүн да токтотууга чакырам. Керек болсо, биздин күчтөр тартипти калыбына келтирүү жана ар кандай бузукуларга каршы туруу үчүн тынчтык орнотуучу күч катары аракеттенүүгө даяр", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
olegdenns
2023-10-10 22:28:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан