X социалдык тармагы (мурдагы Twitter) ХАМАС кыймылына байланыштуу жакында түзүлгөн бир нече аккаунттарды өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Акыркы бир нече күндүн ичинде биз чыр-чатактын аймагында X социалдык тармагынын активдүү колдонуучуларынын саны көбөйгөнүн байкадык. Мындан тышкары, ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулуна байланыштуу дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашык билдирүүлөр жарыяланды. Окуялар тездик менен уланууда",- деп билдирген аталган социалдык тармактын коопсуздук кызматы.
Белгиленгендей, Х социалдык тармагы графикалык материалдарга, агрессивдүү жана кастык тилин камтыган миңдеген билдирүүлөргө карата ар кандай чектөөлөрдү колдонгон.
"Биз антисемиттик билдирүүлөргө активдүү мониторинг жүргүзүүнү улантып жатабыз. Тенденцияларды манипуляциялоого аракет кылган бир нече аккаунтту өчүрдүк",- деп белгилеген социалдык тармак.