UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Израиль менен жаңжал күчөгөн маалда социалдык тармактагы баракчасына Палестинанын желегин жарыялады.
35 жаштагы дагестандык мушкер социалдык тармактагы баракчасына Курандан үзүндү камтылган видеону жүктөп, ал видеого Палестинанын желеги, кызыл жүрөк жана тилектештикти билдирген эки көтөрүлгөн алакандын быйтыкчасын калтырды.
Анын бул билдирүүсү 295 миңдей "жакты" белгисин алды.