Өзбекстанда электросамокаттарды айдоочулук күбөлүгү жок колдонууга тыюу салуу сунушталды

Өзбекстанда айдоочулук күбөлүгү жок электросамокаттарды колдонууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, учурда аталган токтом коомдук талкууга коюлган.

Документте белгиленгендей, скутерлердин, электросамокаттардын жана башка транспорт каражаттарынын кыймыл схемаларын аныктоо, аларды жол кыймылынын эрежелеринде аныктоо жана аларды тебүү эрежелерин белгилөө пландалууда. Токтомдо жол белгилерин тиешелүү көрсөткүчтөр менен толуктоо зарылчылыгы да айтылган.

Эгер токтом кабыл алынса, анда 2024-жылдан баштап Өзбекстанда кыймылдаткычынын көлөмү 25 куб. см болгон же саатына 25 чакырым жүргөн транспорт каражаттары мамлекеттик каттоодоон өтүүсү шарт. Аларды колдонуу үчүн айдоочунун тиешелүү категориядагы күбөлүгү болушу керек.

Ал эми Ички иштер министрлигине үч айлык мөөнөттө электросамокаттарды ижарага берүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүндө каттоого жана мамлекеттик номурларды берүүгө тыюу салуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан