Садыр Жапаров Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Армян тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам жыйынга катыша албай турганын айтты.

Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан