Газа тилкеси менен чек арага жакын жердеги Израилдин Беэри аймагында ХАМАСтын жүздөн ашуун согушкерлеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул жерде Израиль армиясы менен ХАМАСтын согушкерлери бир нече саат бою ок атышышкан. Айрым маалыматтар боюнча жергиликтүү тургундар дагы туткунга алынган. Аталган аймак толугу менен талкаланган, каза болгондор мындан дагы көп болушу мүмкүн.
Буга чейин Израиль Кфар-Аза аймагынан 200гө жакын израилдиктин жансыз денеси табылгандыгын кабарлаган.