Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды

Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Ахрор Иминов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганга шектелүүдө.

"Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы фондуна алардын ишмердүүлүгүнөн салык деп аталган нерсени (жалпы пайданын 30%ке жакыны) чогултууга катышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Ахрор Иминов тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2023-10-11 10:54:00
Мына мамлекеттин колтугундагы уурулар дагы кармала баштады, коррупцияга тиешеси барларды кайра мамжумушка жолотпогула, жакындарын дагы жогорку даражадагы кызматка келтирбегиле
+1
oleghukoo
2023-10-11 21:40:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан