Владимир Путин Жалал-Абадда өтүп жаткан орус-кыргыз конференциясынын катышуучуларына кайрылды (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин Жалал-Абаддагы орус-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышып, видео кайрылуу жасады.
Орусиянын президенти өзүнүн кайрылуусунда бул иш-чара эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеп, аймактар аралык кызматташуу Орусиянын аймактарынын басымдуу бөлүгүн жана Кыргызстандын бардык жети облусун камтый турганын айткан.
"2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу товар айлантуу 37 пайызга көбөйүп, 3,4 миллиард долларга жеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,4 пайызга көбөйгөн. Аймак аралык кызматташууга, Орусия менен Кыргызстандын бизнесинин ортосунда түз байланыш түзүүгө биздин чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча федералдык корпорациябыз чоң салым кошууда. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду да жакшы иштеп жатат. Бул фонд Кыргызстанда кен казуу, фабрика өндүрүшүн түзүү, энергетика, транспорт, логистика сыяктуу тармактарда жалпы баасы 520 миллион долларлык биргелешкен үч долбоорду каржылады", - деди Путин.
Владимир Путиндин кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан