Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын достук паркы түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган паркты куруу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук капсула салышты.
Маалымдалгандай, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков бул паркка коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) куруларын айтты. Парктын аянты болжол менен 7 гектарды түзөт. Курулуш иштери кийинки жылы бүтөөрү күтүлүүдө. Жалпы инвестициянын көлөмү 2 миллион доллар.
“Биздин биргелешкен иш-чарабыз – онунчу кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы жана “Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын достук паркына” капсула салынышы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алдында өтүп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Бул кыргыз-орус аймактар аралык байланыштарынын, жалпысынан биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн прогрессивдүү өнүгүүсүнүн дагы бир ачык далили. Кыргызстан менен Орусиянын аймактары өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жогорку потенциалга ээ. Кыргызстан Орусиянын 81 субъектиси менен бекем байланышта экенин канааттануу менен белгилегим келет. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу тармактарында 40тан ашуун келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн облустары менен шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча 10дон ашуун келишимдер бар. Биз бул динамиканы бекемдеп жана өнүктүрөбүз”, – деди Акылбек Жапаров.
Ага ылайык, Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин, өлкөлөр ортосунда саясий диалог түзүлүп, аймактар аралык кызматташтык активдүү темпте өнүгүп жатканын белгиледи.
“Эки өлкөнүн аймактарынын достук паркы эң сүйүктүү эс алуу жайына айланып, бүгүн тигилген көчөттөр өсүп, муундардын байланышынын символу болуп калаарына ишенем”, - деди Алексей Оверчук.