Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоору боюнча маалыматты коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов берди.
Бул макулдашуунун негизинде Орусия менен Кыргызстандын бирдиктүү региондук абадан коргонуу системасы түзүлүүдө. Алмазбек Карасартов белгилегендей, бул максаттар үчүн Канттагы орусиялык авиабазанын жанынан келишимдин колдонуу мөөнөтүндө 5 гектар жер тилкеси берилет.