Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айнуска Саматова Бишкектен табылды

Базар-Коргондон дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Айнуска Саматова Бишкектен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 4-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын тургуну 2005-жылы туулган Саматова Айнуска Болотбековна 2023-жылдын 29-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

Ага ылайык, 10-октябрда Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери 18 жаштагы Айнуска Саматованы Бишкек шаарынан табышып, ата-энесине өткөрүп беришти.

Айнуска Саматова Бишкек шаарына өзүнүн жумуштары менен кетип калгандыгын, үй-бүлөсү менен эч кандай чыр-чатак болбогондугун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mr.ulan89
2023-10-11 17:35:00
Кандай эле азыркылар өзүнүн жумуштары менен кетип калышат биз убагында 18 ге чыксак деле айтып кетеер элек тем более башкс шаарга барсаң даагы тууганыңдыкына же таанышыңдыкына барып
+2
Azat-123
2023-10-11 18:29:00
mr.ulan89 азыр кээбир жаштар ушундай ээнбаш болуп кеткен
+1
oleghukoo
2023-10-11 21:38:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан