7-октябрдан бери Газа тилкесинде БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин он бир кызматкери каза болду. Мындай маалымат аталган мекеменин шаршемби күнү тараткан билдирүүсүндө айтылат.
"Өлгөндөрдүн арасында БУУнун беш мектеп мугалими, бир гинеколог, бир инженер, бир консультациялык психолог жана үч жардамчы бар. Алардын айрымдары үй-бүлөлөрү менен өз үйүндө каза болушту", - деп айтылат документте.
Мындан улам палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу (БАПОР) борбору Газа тилкесиндеги ишин токтотту.