Криштиану Роналду Иранда кызды өпкөнү үчүн камчы менен сабалат

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Ирандын мыйзамдарын бузганы үчүн ал камчы менен 99 жолу чабылат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Роналду Иранда Сауд Арабиянын "Аль-Наср" командасынын курамында болуп, Азия Чемпиондор Лигасынын алкагында Тегерандын "Переполис" командасы менен беттешкен. 38 жаштагы футболчунун сапары спорттук бөлүктөн тышкары жергиликтүү күйөрмандар менен жолугушууну да камтыды. Алардын арасында сүрөтчү Фатима аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыз болгон.

Аны менен сүйлөшүү учурунда Роналду кызды кучактап, бетинен өпкөн. Бул Ирандын мыйзамын бузуу болуп саналат. Эми Роналдуга 99 жолу камчы урулат.

Мындай жаза футболчу Иранга кийинки жолу келгенде күчүнө кириши мүмкүн. Сүрөтчү менен болгон окуя Роналду Ирандан чыгып кеткенден кийин белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mr.ulan89
2023-10-12 09:17:00
Ислам мамлекеттерине бара жатканда ал мамлекеттин мыйзамдары менен Роналдунун агенттери таанышып билиши керек да
+2
alina_19
2023-10-12 10:04:00
Ислам олколору кыздарды малай катары корот. Дин кыздарга эч бакыт алып келбейт. Кыздарды басынтуу учун ашынган динбаштар динди курал катары ойлоп чыгышкан
-1
voennyi88
2023-10-12 10:38:00
А эгер келбей койсочу.
0
spitiaws
2023-10-12 16:11:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан