Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду “Ардак” ордени менен сыйлады. Мындай маалымат орус өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды.
Владимир Путин кол койгон жарлыкта белгиленгендей, Садыр Жапаров эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого, ошондой эле евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Ардак» ордени менен сыйланган.
Бүгүн, 12-октябрда Бишкекте Путин менен Жапаровдун расмий жолугушуусу өтүүдө.