Палестиналык ХАМАС уюмунун миңдеген согушкерлери Газа тилкесинен Израилдин аймагына кирип келди. Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Йоав Галант билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
Анын айтымында, ХАМАСтын согушкерлери Газа тилкеси аркылуу Израилдин түштүгүнө кирип, ракеталарды учурган.
Акыркы маалыматтарга караганда, Израилде 1300дөн ашуун киши каза болуп, дагы 4 миңдей киши жарадар болгон. Ал эми Газа тилкеси алардын аймагында миңдей киши өлүп, үч миңден ашыгы жарадар болгонун билдирди.