Садыр Жапаров: “Орусия менен соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү керек”

Бүгүн, 12-октябрда президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Орусиянын президенти Владимир Путин биргелешкен документтерге кол коюу аземине катышты.

Иш-чарада эки өлкөнүн бир нече министрлигинин өкүлдөрү тиешелүү документтерге кол коюшту.

Андан соң эки өлкө башчылары сөз сүйлөп, Садыр Жапаров эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга чейин көтөрүү керектигин айтты.

Москва менен Бишкек жакын арада соода жүгүртүүнү 2022-жылдагы 3,5 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин көтөрүшү керек”, - деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы ЕАЭБ алкагындагы кыргыз-орус өз ара аракеттенүүсү өзгөчө актуалдуу экенин билдирди.

Биз интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деп кошумчалады өлкө башчы.

Ал эми Орус лидери Владимир Путин Кыргызстандын ИДПсы ЕАЭБге киргенден бери 2,3 эсеге өскөнүн, экспорттун көлөмү болсо эки эсеге көбөйгөнүн маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан