Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Ильхам Алиев 13-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан