Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жана Орусиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 11-октябрда кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам аталган макулдашуунун күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тараптан аткарууга багытталган.
Тараптар региондогу абадан кол салуудан коргонууну өркүндөтүү максатында Кыргызстандын жана Орусиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүшөт, ал Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат.
Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Орусия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.