Кыргыз-орус алакасы: Путиндин расмий сапарынын алкагында 7 документке кол коюлду

Бүгүн, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-орус биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

– Министрлер Кабинети менен Орусия Өкмөтүнүн ортосундагы Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

– Юстиция министрлиги менен Орусиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

– Юстиция министрликтеринин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

– Айыл чарба министрлиги менен Орусиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Орусиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

– Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

– Орусиянын Өкмөтү менен Министрлер Кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан